Айбек Нур: Адахан Мадумаров сабатсыз саясатчы - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Айбек Нур: Адахан Мадумаров сабатсыз саясатчы

Өлкөдөгү орчундуу жаңылыктарды тез билүү үчүн телеграмм каналга катталыңыз:

https://t.me/baleketkg

Baleket.kg — Журналист Айбек Нур Адахан Мадумаров сабатсыз саясатчы экенин жазып чыкты.

«Адахан Мадумаров «сабатсыздар» деген төл сөзүн деле таштабай койду. Кызык, өзү сабаттуу болсо, Кыргызстандын жерин Кыргызстанга арендага берүүгө кол коёбу?

Жыйынтыгында өзү нак сабатсыз саясатчы экенин далилдеп турбайбы.

«Бул расмий сапар эмес, иш сапар болчу» дейт кайра актанып. Кандай сапар болсо да, мээ менен достошуш керек го акыры,» — деп жазган журналист.

Айта кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берип келет. Ал бүгүн да суракка чакырылган.

Депутат Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.

Мадумаров ал кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер менен болгон жыйында Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча эч кандай юридикалык маалыматы жоктугун, ал иш Башкы прокуратурада экенин айткан.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx