Айбек: Кааласа арабтарга окшоп, төөнүн заарасын колдоно берсин - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

Айбек: Кааласа арабтарга окшоп, төөнүн заарасын колдоно берсин

Baleket.kg — Кино актриса Гүлнур Асанованын соңку билдирүүсү кыргыз коомчулугунун нааразычылын туудурду. Анда ал:

«- Аллах деген сөздү айткандан эмнеге уяласыңар? Улуу зат ошол уят суудан (сперма) уятыңарды, жүрөк, кан-тамыр, көз, мээ, өпкө-боор, деги койчу баардык органыңарды жаратып, жашоо берип жатса… Кокустан бир органыбыз жабыркаса “Оо, Кудай”” деп оозубуздан биринчи ошол сөз чыгат го?!! Анан эмнеге «Аллах» деген сөздү айткандан уялабыз?

«Манас атам колдосун», «Ата-бабам колдосун»… Жер-сууга сыйынуунун өзү адашкандык!

Манасты, сууну, жерди, ата-бабаңды ким жаратты?

Аллахым адаштырбасын баарыбызды! Аллахтын улуу зат экенин нагыз түшүнүүгө ар бирибизди жеткирсин! Сыймыктанам, Аллах мени мусулман кылып жаратып койгонуна! Миң мертебе, “чексиз” шүгүр кылам!» — деп жазган.

Коомчулуктун нааразычылыгына Асанова «Мени Кыргызстандан кууп чыккыдай силер кимсиңер? Андай укукту силерге ким берди? Мен кыргыздын кызымын, танбайм! Киндик кан тамган жерим — Кыргызстан! Диним ислам! Жалгыз Аллахга гана ишенем!» — деп жооп берген.

Андан көп өтпөй эле Манас айылынын жетекчиси, заманыбыздын залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыковго кайрылып, «Теңирчилердин оозуругун (Ред.: ооздугун) бир аз тартпасаңар, «Кыргыз» деген улуу элди кантип алдаганыңарды айтып салам. Жыландын куйругун баспагыла!» деген.

Буга жооп кылып, журналист, коомдук ишмер Айбек Нур өзүнүн баракчасы аркылуу жооп жазган:

«- Манас атага доо кетирген адам эч качан оңгон эмес. Керек болсо, Манас тарыхын бурмалап, ага намаз окуткан Сагынбай Орозбак уулу да жөн өлгөн эмес. Буга тарых күбө. Андан кийинкилери деле жыргап кеткенин көргөн жокпуз.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Бул Гүлнур Асанова араптардын жерине барып жашап, ошолор менен эңкейип-тоңкоюп намазын окуй берсин. Ага эч ким тийишпейт! Кааласа ошол арабтарга окшоп, төөнүн заарасын даарычылыкка ичип, колдонсун! Анда да эч ким унчукпайт. Албетте, ал өз иши деңизчи.

Гүлнур айым, акылдуу эле кыз элеңиз, эсиңиз барда, этегиңизди жыйыңыз! Өзүңүздү көзөмөлдөөгө алыңыз жетпейби, кыргыз элиме асылганды токтотуңуз! Арабдарды мактайсызбы, жактайсызбы ал өз ишиңиз! Бир эле адамга эмес, бүтүн улутка доо кетирдиңиз! Уят барбы же араптар акчалай камсыздап жатабы?

Кыргыз эли дили таза, көкүрөк көөдөнү жарык, көсөмдүк менен көрө билген эл болгон. Ошол касиетибизге кайтышыбыз керек. Бул тууралуу башка күнү кенен жазып чыгам. Баса, мен теңирчи да, Манас атабызга сыйынуучу да адам эмесмин! «ТАЗА КЫРГЫЗ» бололу!» — деп жазган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx