Афганистан талибдер келгенден кийин кандай өзгөрдү? Сүрөт - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбү

Афганистан талибдер келгенден кийин кандай өзгөрдү? Сүрөт

Baleket.kg —  Жарым жылга жакын мезгилден бери Афганистанды «Талибан» кыймылы башкарып келе жатат. Андагы 7 сүрөттү Спутник Кыргызстан жарыялаган. Эмесе, жаңы бийликтин келиши менен Кабулдун көчөлөрүндө эмнелер өзгөргөндүгүн сүрөттөрдөн өз көзүңүз менен көрүңүз.

Эскертүү: Өйдөңкү сүрөттөр талибандарга чейинки, төмөнкүсү алар башкара баштагандан кийин тартылган сүрөттөр.

Талибдер — Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм!

Кабулдагы сулуулук салондордун сыртына чапталган сулуу сүрөттөр алынып салынды…

Афганистан мамлекеттик тууну алмаштыруу боюнча рекорд жараткан өлкө. Желек 1709-2021-жылдардын ичинде 25 жолу алмашкан.

Биринчи сүрөт 2021-жылдын 18-августунда тартылган. Андан аял кишинин жүзүн чийгилеп, ал тургай өрттөп салганын көрүүгө болот. Бул Кабулдагы бийлик кулагандан үч күндөн кийин болгон көрүнүш.

Кабулдагы көңүл ачуу паркынын көрүнүшү.

Айымдардын сүрөтүнөн «ажыраган» дагы бир сулуулук салону.

Бардык флагштоктор азыркыга чейин бош турат.

Монументтен 20 жылдай мурда террорчулардын колунан каза тапкан антиталибдик «Түндүк альянстын» лидери Ахмад Шах Масуддун сүрөтүн алып салышкан.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx