
Адис жооп берет
"Адис жооп берет" рубрикабыздын негизинде келип түшкөн окурмандардын юридикалык суроолоруна Baleket.kg маалымат порталынын юристи Чыңгыз Чотыгулов жооп берди.

— Саламатсызбы? Аты-жөнүмдү кантип алмаштырсам болот? 05552453…
— Саламатчылык. Аты-жөнүңүздү өзгөртүүгө мыйзам тоскоолдук бербейт. Бул маселе боюнча өзүңүз жашаган аймакта жайгашкан Элди тейлөө борборуна кайрылып, сурасаңыз болот.
— Адвокат жалдоого акчам жок. Кайдан акысыз кызмат көрсөм болот? Анара
— Саламатсызбы? Анара, Кыргыз Республикасында Мамлекеттик кепилдик юридикалык жардам боюнча мыйзам бар.
Аталган мыйзамдын негизинде кайсыл аймакта жашасаңыз, ошол жакта жайгашкан Райондук Мамлекеттик нотариалдык контарадан акысыз юридикалык консультация берилет. Эгер баш калаада болсоңуз, Сыдыков 187 даргенинде жайгашкан «Прецедент» коомдук уюмуна кайрылып, акысыз юридикалык жардам ала аласыз.
Кыргызстандагы эң мыкты адвокаттын акылуу кызматын көргүңүз келсе, 0553 65 58 34 номуруна байланышыңыз! Чыңгыз Чотыгулов сиздин эң ишенимдүү адвокатыңыз болуп бере алат!
21.02.2022
0 96 1 мүнөт окуу