
Өлкөдөгү орчундуу жаңылыктарды тез билүү үчүн телеграмм каналга катталыңыз: https://t.me/baleketkg
Baleket.kg — Эртең, 25-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан суракка барат. Бул тууралуу депутат бүгүн сурактан чыккан учурда билдирди.
Айта кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин да бир нече ирет Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди.
Ал Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө. Мадумаров ал кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.
23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер менен болгон жыйында Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча эч кандай юридикалык маалыматы жоктугун, ал иш Башкы прокуратурада экенин айткан.
Булак: Baleket.kg