А.Жапаров: Президент Россия менен 300 жыл бирге болууга даярдыгын айтты - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

А.Жапаров: Президент Россия менен 300 жыл бирге болууга даярдыгын айтты

Кызыктын баары телеграммда:

https://t.me/baleketkg

Baleket.kg — Кыргызстан Россия менен дагы 300 жыл бирге болууга даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанада Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолукканда сөз кылды.

Ал Россия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техника жана маданий-гуманитардык жаатта чоң мааниге ээ экенин билдирген.

«Бул жакка чыгар алдында президент Садыр Жапаров менен жолуккам. Ал «Биз Россия менен 200 жыл чогуу болгонбуз, дагы 300 жыл аны менен бирге болууга даярбыз» деп айтты. Ар дайым чогуу бойдон кала беребиз», — деген Жапаров.

Аны менен катар өкмөт башчы Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын белгилеген.

Ал эми Мишустин Россия Кыргызстан менен бир канча кылымдык достукка негизделген стратегиялык мамилелерди жогору баалай турганын айткан.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx