Алтынай Арстанбекова агынан жарылып, эки курбуга жооп кайтарды - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

Алтынай Арстанбекова агынан жарылып, эки курбуга жооп кайтарды

Baleket.kg маалымат порталына чыккан ар бир жаңы жаңылыктан дароо кабардар болуп, ысыгында окуу үчүн төмөнкү шилтемени басып, телеграмм каналга катталыңыз:

https://t.me/baleketkg

Baleket.kg — Эске сала кетсек, буга чейин көз карандысыз эркин журналист Алтынай Арстанбекова Гүлнур Асанова багып, чоңойткон атасын таштап, карабай кеткенин айтып чыккан. Андан көп өтпөй анын курбусу Баяна Кулова Арстанбековага жооп кылып, төрөгөн кызынын атасы ким экенин сурап, жөн жүрүүсүн өзүнүн интернет баракчасы аркылуу эскерткен.

Журналист Баяна Кулованын жазган посттуна Гүлнур Асанова «— Аи-ии, өмүр таржымалы керемет аял турбайбы. Биринчи жолу көрүшүм. Биле жүрөюн. Жазган ар бир тамгасы үчүн Жараткандын алдында жооп берерин ойлонбогон неме го. Кечирбей койсом акыбалы кандай болот?» — деген пикирин комментарийге калтырган.

Ага улай, Айзада Дюйшебаева аттуу фейсбук колдонуучуга атасы тууралуу «Эл катары биздин фондко кайрылсакезеги менен чыныгы муктаж болсо, жардам көрсөтөбүз,» — деп комментарийден жооп берген.

Алтынай Арстанбекова кесиптеши Баяна Куловага «Эмесе мындай» деп сөз баштаган.

«- Ак нике менен эрге тийип, балалуу болуп көрбөгөндөр жашоонун, турмуштун кадырын билбейт.
Гүлнур Асанова киножылдыз кылган атасын көчөгө таштаганын, карабай койгонун жазсам оорулуу Кулова деген курбусун жардамга чакырган тура. Байкуштар…. Ак никелеп эрге тийип, эмчек оорутуп бала эмизген кандай болоорун бул тентек кыздар башынан өткөрбөгөнүн жакшы билем. Ошол үчүн көрө албастык кылып жатышабы?!!

Жарасын чукулабайын десем, өздөрү тилеп алды. Сегиз жылдан бери бир калыпта төшөктө жаткан энени түз эфир кылганда, убагында «25 миң доллар алып келсең, дарылайм» деп ооруган энени карабай койгон дарыгер Сабырбек Жумабековго сатылып, акчасын алып, ушинтип иттей арылдап, ажылдап чыкты эле ушул Кулова деген кыз… мага акаарат айтып.

Ар кимдин акчасына үрө бергенине караганда, эч жерге батпай ишсиз калган го.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Илгери Кулова иштен куулганда «баары жакшы болот» деп колдоп, көңүлүн көтөрдүм эле. Башы оорулуу Кулова ажылдап бирдемелерди тантырап койсо эле чындык болуп калмак беле.

«Оорулумун, операцияга акча керек, канча болсо бере бериңиз» деп ар бир депутаттын кулагына шыбырап, жалдырап жүргөнүн мага айтышкан. Мээси бир аз жайында эмес, «баарынан мен кыйынмын» деген оору менен ооруйт.

Төмөндө Асанованын атасын карабай койгонун мен эле эмес, эл билээрин жазышыптыр, башкалар (Ред.: Буга чейин биздин Baleket.kg маалымат порталына чыккан маалыматты айтууда). Анда эмнеге чычалайт десең?!! Чын чычалайт деген кеп бар!

Кыздарга айтаарым, жашыңар кырктын тегерегинде. «Кыздын чырагы кырк» дейт кыргызда. Дагы да кеч эмес. Мага окшоп сүйгөнүңөргө жолугуп, ак нике менен баш кошуп, кудайдын буйругу менен ал ак никеден перзенттүү болгула. Силерге отчёт бергидей Кудаяркан белеңер?!!

Ката кетирген күндө да кудайдан кечирим сурап, унчукпай эле намазымды окуп жүрөм. Силерге окшоп же эрден жок, же бала төрөп кыйратпай, бирөөнүн тагдырын чала угуп ушактагандан кудай сактасын.

Топ ташыңарды алысыраак ойногула. Канчалык текеберленип, билсең-билбесең да бирөөлөрдү ушактап, жөнү жок жерден каралап жүргөнүңөр менен эл билет кимдин ким экенин. Ажылдап арылдаганыңар менен өзүңөрдү аппак кыла албайсыңар. Кудайым тараза. Фактыны айтып жатса да болбогон жомокко башкаларды да ишендирүүгө аракет жасап жатасыңар го…» — деп жооп кайтарды.

Аны менен катар башка билдирүүсүндө, «Гүлнур Асанованы багып, чоңойткон атасы Темиралы Маймашовдун фейсбугга чыккан биринчи видеосу экен. Ошол 2018-жылдан бери ооруп жүрсө да, убагында жылдыз кылып талантын таптаган Гүлнур Асанова деген кызы карабай койгонунан бүгүнкү күндө бир бутун кестирип майып болуп калганын айтышты. Эми ажылдап сүйлөсүн Асановаңар!» — деп анын видеосунун үстүнө жазган.

Айта кетсек, бул чырдын чыгып келишинин себеби, Гүлнур Асанова ойлонбой сүйлөп, кыргыз баалуулуктарын, каада-салт, үрп-адаттарына шек келтирип, тебелеп-тепсеп алганында болгон. Анткен менен Асанова элден кечирим сурап, сүйлөгөн сөзү үчүн өкүнөөрүн билдирген жок. Балким Гүлнурдун да өзүнүн чындыгы бардыр.

Гүлнур Асанова Baleket.kg маалымат порталына маек берүүсүн кааласа, эл менен анын ортосуна көпүрө болуп берүүгө даярбыз.

Булак: Baleket.kg

Эскертүү: Baleket.kg маалымат порталынын макалаларын жарым жартылай же толук түрдө колдонууда шилтеме берилүүсү шарт. Баардык укуктар коргоого алынган.

Окуңуз:

1: Айбек: Кааласа арабтарга окшоп, төөнүн заарасын колдоно берсин!

2: Гүлнур Асанованын үстүнөн арыз жазууга кол топтолууда

3: Дөөлөт Сыдыков: Мага асылгыдай сага эмне кылдым?

4: Арстанбекова: Гүлнур атасын таштап, карабай койгон

5: Асанова: Абдан жакты, шариятка туура келбеген үрп-адаттан алыс болдук

6: Кулова: Алтынай Арстанбекова, кызыңыздын атасы ким?

7: Асанова: Атам эл катары фондго кайрылса, жардам көрсөтөбүз

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x