Бишкекте тез жардамды өткөрбөй койгон айдоочу чоң айыпка жыгылды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Бишкекте тез жардамды өткөрбөй койгон айдоочу чоң айыпка жыгылды

Baleket.kg — Милициянын кайгуул кызматы шашып бара жаткан тез жардам автоунааларына жол бербеген айдоочуларды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Эреже бузгандар борбор калаада транспорттук дисциплинаны күчөтүүгө багытталган «Маяк» рейдинин алкагында кармалышты.

«Айрым айдоочулар тез жардам унаасын өткөрүшпөйт. Бул муктаж адамга өз учурунда, керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөй калышына себеп болушу мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалгандардын айрымдары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, 5 айдоочуга протокол түзүлүп, жалпысынан 50 миң сом айып пул салынды.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x