Чоң энем сергек жашоомдун мотивациясы - Baleket.kg
Тагдыр

Чоң энем сергек жашоомдун мотивациясы

Baleket.kg — Балалык чагым тээ алыскы айылдардын биринде өттү. Ата-энемди бала кезимден көрбөй өстүм. Чоң энемдин айтуусу боюнча энем төрөттөн каза болуп, мен аман калган экем. Аттиң, энем кеткенче, анын ордуна мен кетсем болмок… Шордуу энем… А атам болсо, 2 жашымда жол кырсыгына кабылып, каза болгон экен.

Оо, бала кезимде элден кем өспөдүм. Айылдагы кемпирлер чогулуп олтуруп калганда, ушакташканда эле менден башташчу… Чоң энем этегин кагып, “Койсоңорчу, менин балам элден кем өскөн жок. Мына карагыла, кийем дегенин кийет, ичем дегенин ичет… Байдын балдарынан кем эмес” деп кала турган. Анда кемпирлер кайсалактай түшүшүп, сөздү башка нукка буруп кетишээр эле.

Ооба, ата-эне мээримин көрбөсөм да, чоң эне мээримине бөлөнүп өстүм. Ата-эненин мээрими кандай болоору азыркы күнгө чейин мага белгисиз. Чын эле кандай болот болду экен?..

Мектеп курагыман бери “Томолой жетим” деген сөз артыман түшпөдү… Азыр деле айылга барып калсам, “Баягынын томолой жетими келиптир” деген сөз болот. Ушул сөз мага абдан оор тиет. Суранам, жетимдерди “Жетим” деп кемсинтпегилечи… Билсеңер бул дүйнөдө баарыбыз жетим болобуз. Болбосо кимдин ата-энеси бул дүйнөгө түркүк болуп, өлбөй-житпей калыптыр?.. Айткылачы, ким калды өлбөс болуп?.. Мх, “Мен Кудаймын” деген кандардан баштап, миллиарддаган байлыкка ээ манаптардын аты-жыты жок болду го… Же жалган айтып жатамбы?.. “Эй, жетим!” деген сөз кандай ачуу экенин билесиңерби?.. Туура, билесиңер… Бирок муну силер жетим болуп калганда түшүнөсүңөр…

Чоң энем мени билимге үндөдү. Мектепте жалаң 5 деген баага окудум. Мага мугалимдер аны жетим болгонум үчүн эмес, 5 алуу үчүн умтулбай, билим алууга умтулганым үчүн коюшчу.

Кийин чоң энем мени канчалык каалабасам да билим алууга борбор калаага жөнөттү. Билим алууну каалабаганым жок, чоң энемден узап кетүүмдү каалабадым. Бирок, аны укпай койбосом болбойт эле. Анткени, анын сөзү мен үчүн мыйзам болчу.

Ошентип, студент деген статуска ээ болдум. Чоң энемдин сүйүнгөнүн сурабагыла. Жаным десе, ушундай ыйлады эле. Кийин окуумду бүтүп, Республикалык ооруканага жумушка орношконумдачы… Сүйүнгөнүнөн көл-шал боло, “Сага ишенгем, сен да адам болдуң уулум” деп жетине албай, жаш балача эреркеп ыйлады дейсиң.

Асыл кемпирим менин… Анан туруп “Бирок, муну менен жаным жай алган жок. Уулум, жакшы көргөн кызың барбы? Элге той кылып, үйлөнтөйүн” деди. Шашканын кара энемдин. “Кызым жок, сиз айткан, сизге окшош жакшы кызды алам” дедим. Чоң энем ого бетер сүйүнүп, эки апта өтпөй кыз таап, үйлөнтүп салды. Жубайым да так эле чоң энемдей болуп, өзүн тартты. Андан көп өтпөй чоң энем катуу ооруп, тез эле кетип калды. Мына, эми таптакыр жетим калдым…

Ошондо бир ботодой боздоп ыйлаганым ай… Болгон ызам муунума түшүп, айлам такыр калбады. Ошондон кийин оор депресияга кабылып, андан арыла албай жүрдүм. Жубайым тынчсызданып, андагы абалдан алып чыгууга миң аракет кылса да майнап чыкпады.
Ушунун айынан жумушсуз да калдым. Бир күнү үйгө келсем, жубайым жок экен. Болгон оокатын жыйнап кетип калыптыр. “Кетсе кете берсин” деп кол шилтеп, керебетке бой таштадым.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Ойдун узун түрмөктөрү кете баштады. Балалыгым, окуучулук курагым, студенттик күндөрүм, жумушка орношкон кездерим анан үйлөнгөн кезим… Анын баарында бир гана чоң энем жашаптыр…

Чоң эне… Чоң эне, сени сагындым. Кайдасың, айтчы кайда?.. А сен жооп бербейсиң… Асмандасыңбы?.. Асманда болсоң каягында?.. Сен жылдыздардын арасында учуп жүрөсүңбү же асмандын 7-кабатындабы?.. Ал жакта болсоң, мен көрүнөмбү? Мени көрүп жатасыңбы чоң эне?.. Ыраазы болуп, жаным жай алып калсын. Жок дегенде салам деп койчу… Болбосо, бир жылт этип көрүнүп койчу… Балалыгымда “Сени таштабайм, мен сенин жаныңдамын” дечү элең го. Кана эми жанымда болгонуң?..

Көпкө чейин ыйладым. Үйдө эмне болсо, анын баарын аңтар-теңтер чачып, көккө сапырдым. Идиш аяктын көбүн сындырдым… Аягында айлам куруганда шылкыя муздак дубалга жөлөнө олтуруп калдым. Караңгы бөлмөдө “Чың” деген дабыш жок, мемиреп ойдун бешигинде термелип олтурдум. Оюмда бир гана сен, чоң эне… Ошондо тиледим, “Эч ким чоң энесин жоготпосун” деп. Мага чоң энени жоготуш ушунча оор болсо, ата-энени жоготуш кандай болду экен?.. Буга жооп таба албадым…

Бир кезде ошол абалымда мемиреп уйкуга кеткенимди билбей калыптырмын. Анда сен келип, “Уулум, эч кайгырба. Мен сенин жаныңдамын. Сага дайыма айтчу сөзүмдү эсте” деп чекемен өөп жатыпсың. Чоң эне… Чочуп ойгонсом, таң агарып калыптыр. Жуунуп тазаландым.

Чоң энем дайыма “Алсыз жериңди эч кимге көргөзбө!” деп айтчу эле. Ошол сөзү мени кадимки сергек жашоомо кайра кайтарды.

Мен ишенем, чоң энем дайыма менин жанымда.

Жумушума кайра орношуп, анан кайнатамдын үйүнө бардым. Ит алган түлкүдөй болуп, жубайымдын ата-энесинин алдында шөмтүрөп турдум. Анткен менен алар мени жакшы кабыл алышты. Жубайым да сүйүнүп, мени менен кайтып келди. Учурда Кытайда тажрыйба топтоп жүрөм. Жубайым жана уулум жанымда. Уулум Таалимбек 2 жашка чыкты. Чоң энем небересинин атын “Таалимбек” коём деп жүрчү. Дагы көптөгөн аты бар. Дагы көп балалуу болуп, ал ысымдарды ыйгарам…

Аягында айтаарым, алсыз жериңерди эч качан көргөзбөгүлө. Силер ойлогон ой – дайыма ишке ашат!

Автор: Айбек Нур

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x