Кыргыз-Тажик Чек ара кызматынын башчылары сүйлөштү. Атышуу толук токтой элек - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Кыргыз-Тажик Чек ара кызматынын башчылары сүйлөштү. Атышуу толук токтой элек

Baleket.kg — Кыргызстандын УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонов телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Чек ара кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү саат 21:45те тажик тараптын демилгеси менен болгон.

«Тажикстан атышууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, саат 22:30га карата тажик аскерлери маал-маалы менен ок атууда. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланууда», — деп жазылган маалыматта.

Эми Баткен менен Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу күтүлүп жатат.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx