Мамлекеттик ипотекалык компания эки багыт боюнча кредит бере баштады - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Мамлекеттик ипотекалык компания эки багыт боюнча кредит бере баштады

Baleket.kg —  Мамлекеттик ипотека компаниясы «Менин үйүм — 2021-2026» турак жай программасынын алкагында банк аркылуу эки багыт боюнча кредит берүүнү жандантты. Бул туурасында аталган мекеменин сайтында кабарланд.

Бүгүндөн баштап «Жеңилдетилген ипотека» (бюджеттик кызматкерлер) жана «Жеткиликтүү ипотека» (бардык жарандар үчүн) багыты боюнча программанын катышуучулары акча алуу үчүн «РСК банк», «Айыл банк» жана «Бакай банкка» кайрылса болот. Бирок алардын сурамы компаниянын порталында жактырылган болушу шарт.»Менин үйүм» программасы өткөн жылдын сентябрь айында ишке киргизилген. Бюджеттик кызматкерлерге жылдык 4 пайыздык, башка жарандарга 8 пайыздык коюм менен ипотека берүү каралган. Деген менен суроо-талап көбөйүп, бирок каражат чектелүү болгондуктан сурамдарды кабыл алуу убактылуу токтотулган болчу.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x