
Baleket.kg — Россиялык оппозициялык саясатчы, абакта жаткан Алексей Навальный жарандарды акцияларга чыгууну жана Украина менен согушууга каршылык билдирүүгө чакырды. Билдирүү анын атынан социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда 2-мартта жарыяланды. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
“Эгер согушту токтотуу үчүн түрмөлөр менен автозактарды толтуруу керек болсо, толтуралы. Мен 100 жыл мурдагы чын-төгүнү белгисиз окуялар кол салууга себепчи болгонун көрүп туруп, унчукпай коё албайм”, — деп жазды ал.
Навальный Россиянын аймагында, чет жакта орус жарандарын тынымсыз нааразылыктарды өткөрүүгө үндөдү.
Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Россияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше» ишине байланыштуу «шарттуу жазанын эрежелерин бузду» деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.
Россия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы менен Украина армиясы согушууда. Андан бери ондогон жай тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду.
Булак: Baleket.kg