Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы видеоролик даярдады - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы видеоролик даярдады

Baleket.kg — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2021-жылдагы өткөрүлгөн орчундуу окуялар боюнча видеоролик даярдалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган видеороликте баңги аткезчилерин кармоо жана баңги каналдарына бөгөт коюу боюнча ири операциялар, ошондой эле 2021-жылдагы эл аралык кызматташтык жана баңгичиликти алдын алуу багытындагы жетишкендиктер чагылдырылган.

Кызмат тарабынан 2021-жылдын ичинде 435 баңгилик кылмыш аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тоннага жакын баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинен:

  • апийим — 29 кг 997 гр.;
  • героин – 9 кг 056 гр.;
  • гашиш – 225 кг 778 гр.;
  • марихуана – 285 кг 671 гр.;
  • кара куурай – 306 кг 697 гр.;
  • прекурсорлор — 1 т 845 кг. 500 гр.;
  • психотроптук заттар – 19 кг 673 гр.;
  • кара куурайдын саманы -171 кг 198гр.;
  • башка баңгизаттар –73 кг 185 гр.

Кызмат тарабынан 2021-жылы чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды «тышкы көзөмөлдөгү жеткирүү» ыкмасы менен 5, «ички көзөмөлдөгү жеткирүү» ыкмасы менен 2 атайын операция жүргүзүлгөн.

Урматтуу жарандар! Сизге белгилүү болгон баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары жөнүндө маалымат (сатуу пункттары; аларды сатууга катышкан жактар; баңгизаттар тууралуу маалымат жайгаштырылган интернет-ресурстар) болсо, ИИМдин БМЖКККнын Нөөмөт бөлүмүнө билдирсеңиздер болот.
Тел.: 0312 66-02-44, 0312 66-06-16

Унчукпай койбоңуз, 102 номерине баңгизаттарды жайылтуу тууралуу билдириңиз!

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x