Максат ажы: Жыланды бир уруп өлтүр! - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Максат ажы: Жыланды бир уруп өлтүр!

Baleket.kg — Талкуудан түшпөй, араб элинин кыргызга жат, жаман салтын пропагандалап келе жаткан Максат ажы эми «Жыланды бир уруп өлтүрсөң, сообу көп», «Дарыяга, көлгө кир чайкасаң болот» деп айткан видеосу интернет желесинде желдей аралап, коомчулуктун нааразычылыгын курчутту.

Буга чейин Ысык-Көлгө даарат, гусул алууга болоорун, аны менен катар бир туугандардын балдарынын жана алыскы, жакынкы туугандардын үйлөнүүсүнө шарият жол берээрин да айтып чыккан. Деги мурунку муфтий Максат ажынын көздөгөнү эмнеде?

Максат ажы элдин суроосуна жооп берип жатып, «Дарыяга, көлгө кир чайкаса боло берет» деп жооп узаткан.

Дагы биринде «Инасандын душманы жылан. Пайгамбарыбыз салляллаху алейхи ва саллям айткан, «Жыланды көрүп калсаңар, үйүңөргө келгенде өлтүрүп салгыла» деген. Жыланды ким бир уруп өлтүрсө, сообу көп болот! Эки урса азыраак… үч уруп өлтүрсө андан да азыраак», деп сөз кылган.

«Муфтият тарабынан Максат ажыга мындан ары баян кылууга, мечиттерде имамдык кылууга тыюу салынуусун» коомчулук талап кылууда.

«Кыргыздар жыландын баласы да оорубасын!» -деп жыландын баласын да аяп турчу. Жылан үйгө кирсе, ак чачып, сыртка чыгарчу. «Жылан түшүңө кирсе — кенч!» — деп жакшылыкка жооруйт. Мага зыяны тийбесе, жыланды эмнеге өлтүрөм? Саддисти кара, «бир уруп, эки уруп!» — деп анын сообун да соодалап койгонун», — деген пикирин алып баруучу Эльмара Турсуналиева өзүнүн баракчасына жазган.

Ооба, ата-бабалар илим-техника өнүгө элек жер каймактаган кезде эле жаратылышка аяр мамиле жасоону жакшы билип, кайып дүйнө күчтөрүн эске ала жүргөн.

Ар бир адамдын, ал тургай жан-жаныбарлардан тарта жер, суу, от — баарынын колдоочусу, пири, илээшкени болот. Илгертен эле ата-бабабыз Адамзаттын пири – «Адам ата», наристенин пири – «Умай эне», күүнүн пири – «Камбаркан», суунун пири – «Сулайман» деген сыяктуу пирлерди атап келишкен. Элибиз айлана-чөйрөдөгүлөрдүн баарына «жандуу» деп өтө этият мамиле жасаган.

«Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор» деп сууну көп агызып, шалкылдатып төкпөй, «убал болот, суу да жандуу, кор кылба, сууга жетпей каласың!» деп тыйышчу.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Бабалардын акылына баа берип бүтө албайсың, шар аккан суу, көл, дарыя тургай, жамгырдан калган алакандай көлчүктү да булгоочу эмес!

Илгертен ата-бабалар сууга ыйык мамиле жасаган. Белгилей кетсек, жаактуудан пенде тең келбеген Жеңижок акын анын ыйыктыгын, улуулугун, касиетин күнү-түнү ырга салып бүтө алган эмес.

Сууну кордосоң кор болосуң! Ата-бабалардын суу тууралуу насыяты:

Сууга түкүрбөйт. Адам эч качан ичкен сууга да, аккан сууга да, ал турсун көлчүккө да түкүргөн эмес. Аккан сууга түкүрмөк тургай, кол чайкоого да болбойт. Алгач арыктан сууну кочуштап алып чыгып, колду сырт жакка жууган. Туура уктуңуз, азыркыдай он манжасы түгүл, бутунан бери салып албай, сууну колуна уучтап, жээгине (жерге) жуушкан.

Суунун көрүнгөн жеринен аттабайт. Каалаган жерден суудан аттоого болбойт. Сууга көпүрө салаарда да ата-бабалар ит, мышык, ат сыяктуу жаныбарлар өткөн жерден көпүрө курат.

Сууга кир кийим-кече чайкабайт, жуубайт. Аккан сууга кир салып чайкоо суу сыйлабагандыкка жатат. Алгач сууну бери жакка алып, анан кийимдерин чайкаган. Ошондой эле, аккан сууга идиш-аяк да жууганга болбойт.

Суунун жанында отуруп жаман сөздөрдү айтпайт. Азыр илим изилдөөчүлөр сууну маалымат сактай турган зат экенин айтып жатышат. Сууга айтылган сөздөр ишке ашат деп айтылып жүрөт, андыктан сууга жалаң жакшы ой-тилек айтылышы керек. Муну бабалар илгери эле билген!

Сууну жөнсүз агызып койбойт. Суу сыйлабагандар суунун пири Сулаймандын каргышына калат. Сууну жөнү жок ысырап кылып агызып же төксө адам ырыскысынан кемийт!

Суунун жээгине уктабайт. Эгер адам суунун жээгине уктап калса, адамдын энергиясын суу тартып алышы ыктымал деп айтылат.

Отко суу чачпайт. От менен суунун деми эч качан келишпейт. Андыктан отко суу чачып өчүрүүгө болбойт. Ошондой эле күлгө дагы суу төкпөйт.

Сууга таштанды ыргытпайт. Сууга таштанды ыргытсаң, бүтүн жашооңду оорчулук басып, өкүттө өтөт. Денең оорлошуп, өзүңдү таштап коёсуң.

Ошондой эле, ал сууну башка бирөө да колдоноорун унутпоо керек!

Суу көтөргөн баканды аттап, идишине олтуруп, бут менен теппейт. Апкөчтү, суу идишин аттаган, тепкен, чапкан, айтор, ага жаман мамиле кылган адамдын иши оңбойт.

Сууга заара кылбайт. Анын тукумунан акылы кемдер, наадандар чыгат. Алар эч качан адамга жакпай, жек көрүнүп жүрүп, бул өмүрдөн өтүшөт.

Суу куюлган идишти түнкүсүн ачык калтырбайт. Шайтан, албарсты аралап кетет.

Сууну кордоп, эми таза сууга жетпей жүргөн индиялыктардын сүрөттөрү:

Ойлон кыргыз! Ойгон кыргыз! АТА-БАБАЛАРЫБЫЗ КАЛТЫРГАН АР БИР БААЛУУЛУКТАРЫБЫЗДЫ БАРКТАП, БЕЙИШ МЕКЕНИБИЗДИ СҮЙӨЛҮ!

Эртең кеч болуп калса, кайтара албай калабыз…

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx