
Baleket.kg — Ысык-Көлдүн Түп районунда үйдөн эки эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя боюнча билдирүү милицияга 1-февралда түшкөн.
«Жерине РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу барып 56 жана 48 жаштагы эркек кишилердин сөөгүн тапкан. Белгилүү болгондой, алар жаткан бөлмөдөгү жылыткычтан өрт чыгып, экөө иске ууланган. Каза болгондордун денесинен зомбулуктун белгиси табылган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кошумчаланды.
Булак: Baleket.kg