Украинада согушту болтурбоонун беш жолу - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбү

Украинада согушту болтурбоонун беш жолу

Baleket.kg — Россия айрым аскердик машыгуулары аяктаганын билдирген менен Батыштагы мамлекеттер Украинага кол салуу коркунучу курч бойдон турганын тынымсыз айтышууда.

Мындай кырдаалдан дипломатиялык жол таап чыгууга болобу? Мындай тирештен чыгуунун бекем жана тынчтык жолу барбы?

Дипломаттар “жолдон четтөө” жөнүндө сөз кылып жатышат. Ага ылайык, бардык тараптар согушка алып барган жолдон чыгышат. Бирок мындай жолду табуу оңой эмес.

Кандай гана мунаса табылбасын, анын өз баасы болот. Бирок төмөндө аскердик аракеттерди аттап өтүп, кандуу кесепетке алып барбай турган ыктымал жолдор жөнүндө ВВС Кыргыз кызматы сөз кылды.

Батыш Путинди артка тартууга ынандырат

Мындай сценарий боюнча, Батыштагы державалар Россиянын президенти Владимир Путинди кол салуунун пайдасынан чыгашасы ашып түшөрүн айтып ынандыруу менен бастырып кирүүнү токтотуп калышат.

Ага адамдардын өмүрү кыйылары, экономикалык санкциялар жана дипломатиялык сокку ушунчалык чоң масштабда болору айтылат. Эгерде ал согуш талаасында аскердик жеңишке жетсе да, баары бир өтө жаман кесепети болорун түшүнөт.

Украинадагы аскердик көтөрүлүштү Батыш колдой турганынан ал коркуп, натыйжада кымбaтка түшкөн жана көп жылга созулган согушка кириптер болот.

Путин андай чыгашалар өлкө ичинде өзүнүн беделин түшүрүп, кадыр-баркына коркунуч туудурарын түшүнөт.

Ошондой эле ал сценарий боюнча, Батыш Путинге дипломатиялык жеңишти ыйгарууга аргасыз болот. Путин өзүн НАТОнун провокациясына куралдуу жооп кайтарбай, тынчтык жолун тандаган башкы каарман катары көрсөтөт.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Россия дүйнө жүзүнө өзүнүн ири держава экенин эскертип, Беларустагы таасирин тереңдетет.

Бул сценарийдеги бир кыйынчылык — Путиндин иши оңунан чыкпай калганын айтуу оңой болот. Анын аракеттери Батышты бириктирип, НАТОнун күчтөрүн Россиянын чек арасына жакындатмак жана Швеция менен Финляндияны НАТОго кирүүгө шыктандырмак.

Маселе Путин Украинаны көзөмөлдөгүсү жана НАТОну кыйраткысы келип-келбегенинде. Азыр ал артка тартып туруусуна бир нече себеп бар.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x