4 кыргызстандык 25 жашка чейинки мыкты балбандардын рейтингине кирди - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

4 кыргызстандык 25 жашка чейинки мыкты балбандардын рейтингине кирди

Baleket.kg — Кыргызстандык төрт спортчу жынысына жана күрөштүн түрүнө карабастан 25 жашка чейинки мыкты балбандардын катарына кирди.

Келечектүү атлеттердин тизмесин Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) өткөн дем алыш күнү жарыялады.

Эл аралык уюм рейтингге кирген спортчулар чоң ийгиликтерди жаратканын, алардын кармаштарын күйөрмандар чыдамсыздык менен күтөрүн белгилеп өткөн.

«UWW 2022-жылы шоу уюштура турган 25 спортчуну сунуштайт. Алар 25 жашка чейин эле өздөрүн дүйнөгө тааныта алды, эми аларды эки жылдан кийин боло турчу Париж Олимпиадасынан да күтөбүз», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Рейтингдин сап башында япониялык балбандар Юи Сусаки менен Такуто Отогуро жайгашкан. Экинчи орунда Айсулуу Тыныбекованын эзелки атаандашы, япониялык Юкако Каваи орун алган. Үчүнчү сапта 20 жаштагы ирандык спортчу Амир Хоссейн Заре турат.

Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова алтынчы, ал эми Акжол Махмудов жетинчи сапта жайгашкан.

Эрназар Акматалиев 15-орунга, Айпери Медет кызы 17-орунга илинген.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x