Коркутуу менен тоноп жүргөн балдар кармалды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Коркутуу менен тоноп жүргөн балдар кармалды

Baleket.kg — Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенишкен топту кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган.

Ал өз арызында ушул жылдын 11-сентябрь күнү ал жашаган батирге түнкү саат 24:00 чамасында белгисиз 6 адам кирип келишип, аны жана бирге жашаган шеригин электрошокер, бычактар менен коркутушуп, 5 уюлдук телефонун, 2 даана кол саатын, чач кургатуучу фенин, кийимдерин жана 2500 сом акчасын тоноп кеткендигин билдирген.

Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун айткан.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандар:

  • 2004-жылы туулган М.к.Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
  • М.А., Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
  • 2000-жылы туулган С.к.А., Алай районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
  • А.уулу Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
  • 2003-жылы туулган А.к.А., Баткен районунун тургуну, эч жерде иштебейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен тергөө иштери улантылууда.

Азыркы кезеңде бул топтун башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx