Дикий Арман суицидге бардыбы? Ал тергөө абагынан жоголуп кетти - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбүСаясатЫсык жаңылык

Дикий Арман суицидге бардыбы? Ал тергөө абагынан жоголуп кетти

Baleket.kg — Жапайы (Дикий) Арман деген ат менен таанылган Арман Жумагелдиевдин адвокаттары соттолуучу Алматынын тергөө абагынан белгисиз жакка чыгарылып кеткенин айтышууда. Бул тууралуу Казакстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Массалык башаламандык уюштурууга шек жараткан Жумагелдиев кайсы жакка которулганы боюнча адвокаттарына маалымат берилген эмес.

Жактоочу Талгат Есимовдун айтымында, укук коргоочулар Жумагелдиев менен кечээ күнү күндүз көрүшкөн жана ал көрсөтмө берүүгө даярданып жаткан.

«Биз кесиптештер менен ага эки ирет барганбыз. Биз менен кошо Башкы прокуратура түзгөн ведомстволор аралык ыкчам-тергөө тобунун мүчөлөрү дагы кирген. Сурак учурунда Жумагелдиев тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин билдирген», — деди ал.

Бирок анын айтымында, 2-февралга караган түнү соттолуучу тергөө абагынан чыгарылып кеткени маалым болду. Адвокаттарга бул боюнча маалымат берилген эмес.

«Биз тергөө органдары менен байланыштык, алар дагы билбейт экен», — деди Есимов.

Жактоочу Куат Салиев билдиргендей, мыйзам боюнча адвокаттар соттолуучунун ар бир кыймылы боюнча кабардар болушу керек.

«Бизге эч ким эч нерсе айткан эмес. Биздин маалымат боюнча Арман Жумагелдиев чыгарылып кеткен. Бирок каерде экени белгисиз», — деди Салиев.

Алар ошондой эле соттолуучу буга чейин суицидге каршы ойлорун айтып келгенин билдиришти. Дагы бир адвокат Виктор Кривоносовдун айтымында, соттолуучунун өз жанын өзү кыюуга ниети болгон эмес.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Белгилей кетсек, Жапайы Арман деп таанылган белгилүү криминалдык авторитет массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатат. 7-январь күнү кылмыштуу топтун жети мүчөсү Алматы полициясынын атайын операциясы учурунда кармалган. Алардын арасында Жумагелдиев дагы болгон. Алардын курал-жарагы жана сооттолгон автоунаасы алынган.

Буга чейин Жумагелдиев аны башаламандыктын катышуучулары сабап салганын айтып, провокаторлорду жоопко тартууга чакырган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx