Арстанбекова: Гүлнур атасын таштап, карабай койгон - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

Арстанбекова: Гүлнур атасын таштап, карабай койгон

Baleket.kg — Көз карандысыз эркин журналист Алтынай Арстанбекова Гүлнур Асанова атасын карабай кеткени туурасында фейсбук тармагындагы посттордун биринде билдирди.

«— Атасын көчөгө таштап, карабай койгондуктан, достору, жердештери мага кайрылышкан. Адашып оңолгондун айыбы жок. Эми ошол Кудай Тааланы эми таанып жатып, башкаларга эмне асылат дейм да?!! Унчукпай намазын окуп, ыйманды бийик тутуп жүрө бербейби. Хиджабды пиар үчүн жамынбайт да. Мен намазымды эч кимге жар салбай эле окуйм,» — деп жазган.

Учурда анын бул пикирин фейсбук колдонуучулар скриншот кылып алышып, пост катарында бөлүшүп, катуу талкууга алышууда.

Эске сала кетсек, Гүлнур Асанова кыргыз элинин нарк-наасилин тебелеп-тепсеп, улуттук баалуулуктарын басмырлап, араб салтын жана динин пропагандалаган. Аны менен токтоп калбастан, Заманыбыздын залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыковго эч себепсиз асылган.

Бул дагы аздык кылганбы, айтор, мурунку муфтий Максат ажы Токтомушевдин бир туугандардын жана жакынкы-алыскы туугандардын үйлөнүүсүн колдоорун билдирип, араб элинин салтын жайылтууда.

Булак: Baleket.kg

Эскертүү: Baleket.kg маалымат порталынын макалаларын жарым жартылай же толук түрдө колдонууда шилтеме берилүүсү шарт. Баардык укуктар коргоого алынган.

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x