Кара-Суулуктар Нурбек Эргешовдун иштен кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышты - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Кара-Суулуктар Нурбек Эргешовдун иштен кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышты

Baleket.kg — Кара-Суу районундагы “Туратали” базарынын соодагерлери 2-март күнү директор Нурбек Эргешовдун иштен кетишин талап кылып, митинг өткөрүштү.

Нааразычылыкка чыккан соодагерлердин айтымында, базар жетекчиси товар сактоочу жайлардын ордуна соода түйүндөрүн коюуну, базарга аты берилген Туратали Үсөн уулунун эстелигин жылдырууну пландоодо. Сатуучулар буга нааразы.

Ал эми Нурбек Эргешов эстелик жылдырылбай турганын кеп кылды.

Базарда соода орундарын ижарага алып иштегендер башкаларга кошумча ижарага (суб аренда) берип жүрүшкөн. Эргешов кошумча ижарага берүүгө болбой турганын, ошондуктан алар менен келишимди бузганын айтты жана базарды иретке келтирүү аракетин көрүп жатканын баса белгиледи. Ал базардын документтеги аянты 12 гектар, бирок азыр 3 гектар гана жер калганын кошумчалап өттү.

«Туратали» базары 1994-жылы негизделген. 2008-жылы мамлекетке өткөрүлгөн. Базарда 1400дөн ашуун соода оруну бар.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x