Журналист Семетей диний уюмга тиешеси болгон деп шектелип, кармалганы айтылууда - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Журналист Семетей диний уюмга тиешеси болгон деп шектелип, кармалганы айтылууда

Baleket.kg — Журналист Семетей Талас уулун күч органдары кармап кеткени кабарланууда. Бул маалыматты журналисттин аялы «Азаттыкка» тастыктаган.

Ал күйөөсүн кармап кеткен себебин билбей турганын жана үйүн тинтип, айрым буюмдарды, диний китептерди алып кетишкенин кошумчалады. Жубайы журналистти кармап кеткен учурда үйдө өзү жок болгонун, апасы болгонун айтты.

Досу Төрөбек Жунус Семетей Талас уулу эч бир шектүү диний уюмга тиешеси болбогонун, аны үйүнө келип алып кеткенин түшүнбөй жатканын билдирди.

«Семетей мыйзамды сыйлаган, коомдогу мыйзамсыз иштер, коррупцияга каршы ачык позициясын айткан журналист, жаран. Ага карата кайсы бир суроо болсо мыйзам чегинде чакырса деле өзү бармак. Азыр дароо келип кармап кетүүнүн артында коркутуп-үркүтүп коюу максаты турабы деп ойлоп жатам», — деди Жунус уулу.

Азырынча журналистти кайсы орган жана эмне себептен алып кеткени таптакыр белгисиз. Расмий органдардан маалыматты тактоо мүмкүн болбой жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана ИИМ маалымат такталып жатканын билдирди.

41 жаштагы Семетей Талас уулу көз карандысыз журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда Талас уулу эркин журналист катары соцтармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин, сынын активдүү жазып келген.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx