Өкмөт дагы бир мамлекеттик банк ачат - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Өкмөт дагы бир мамлекеттик банк ачат

Baleket.kg — Кыргызстанда Өнүктүрүү банкын түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда маалымдады.

«Гарантиялык фонддун алкагында Өнүктүрүү банкын түзөлү деп жатабыз. Алгач уставдык капиталы 5 миллиард сом болот, андан кийин дагы 5 миллиард салабыз. Бул өлкөдөгү 25 банктын ичинен эң ириси болмокчу. Негизги максаты — элге узак мөөнөттөгү, төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү», — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал дал ушундай максатта иштеп жаткан мамлекеттик «Айыл банк», РСК жана «Керемет» банктарынын уставдык капиталын 100 миллион долларга жеткирүү планы бар экенин айтып өттү.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүчкө бүгүнкү күндө «Керемет» банкы жете алды.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x